# Кууганды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-октябрындагы № 23 (Кууганды айыл өкмөтүнүн тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча) токтому

- Толук аталышы: Кууганды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-октябрындагы № 23 (Кууганды айыл өкмөтүнүн тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/415526>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51396/edition/934263/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кууганды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-октябрындагы № 23 (Кууганды айыл өкмөтүнүн тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча) токтому (01.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/415526

---

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы 2018-жылдын 01-октябры № 23 Кууганды айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кууганды айыл өкмөтүнүн тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту канааттандырарлык деп табылсын.

1.Кууганды жайыт комитетинин тогуз айлык отчету ачык калтырылсын.

2.малчылардын эрте көчүп келгендерине чара көрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.жайыт комитетинин төрагасына эскертүү берилсин.

3. Күн тартибинде каралган кийинки 3-5- маселелер, кийинки сессияга калтырылсын.

4. Каракол жайлоосундагы Казак көпүрөнүн, айылдагы салынуучу эки каптаждын жана кой мончого төлөнүүчү 5% өздүк салымдын 60 000 (алтымыш миң) сому Кууганды жайыт комитетинин бюджетинен, калган 41 000 (кырк бир миң) сому Кууганды айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган бюджетинин эркин каражатынан которулсун.

5. Айыл өкмөт башчысы А.А.Жолдошов АРИС боюнча долбоордогу купканын тендер боюнча комиссиянын курамынан чыгарылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режимин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому жалпы элге маалымдалсын.

7. Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн калкка кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) жөнүндө Типтүү жобосунун негизинде Кууганды айыл өкмөтүнүн алдында ККБ жобосу бекитилсин.

Төрага

Э.Тайтекеев
