Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кууганды айылдык кеңешинин (Кууганды айыл өкмөтүнүн тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча) токтому
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы 2018-жылдын 01-октябры № 23 Кууганды айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айыл өкмөтүнүн тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту канааттандырарлык деп табылсын.
1.Кууганды жайыт комитетинин тогуз айлык отчету ачык калтырылсын.
2.малчылардын эрте көчүп келгендерине чара көрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.жайыт комитетинин төрагасына эскертүү берилсин.
3. Күн тартибинде каралган кийинки 3-5- маселелер, кийинки сессияга калтырылсын.
4. Каракол жайлоосундагы Казак көпүрөнүн, айылдагы салынуучу эки каптаждын жана кой мончого төлөнүүчү 5% өздүк салымдын 60 000 (алтымыш миң) сому Кууганды жайыт комитетинин бюджетинен, калган 41 000 (кырк бир миң) сому Кууганды айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган бюджетинин эркин каражатынан которулсун.
5. Айыл өкмөт башчысы А.А.Жолдошов АРИС боюнча долбоордогу купканын тендер боюнча комиссиянын курамынан чыгарылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режимин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому жалпы элге маалымдалсын.
7. Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн калкка кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) жөнүндө Типтүү жобосунун негизинде Кууганды айыл өкмөтүнүн алдында ККБ жобосу бекитилсин.
Төрага
Э.Тайтекеев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелигдеги № 172 "Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.04.2016 · № 172