# Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/415491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51361/edition/1069776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/415491.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому (08.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/415491

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-ноябры № 81 Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө

(Шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралы №170 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү, тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы, белгиленген тартипте:

а) жаңы түзүлгөн түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тийиштүү иш-чаралар комплексин жүргүзсүн;

б) Бишкек шаардык кеңештин аппараты менен бирдикте ушул токтомго ылайык келтирүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө тиешелүү маселелер боюнча Бишкек шаардык кеңештин бардык токтомдорун текшерүү жүргүзсүн;

в) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешке үч айдын ичинде берсин.

3. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 16-мартындагы № 6 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтому жана "Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 14 "Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 16-мартындагы № 6 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Э.А.Досалиев) жана Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Ж.Абиров

Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 токтомуна тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын ТҮЗҮМҮ (Шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралы №170 токтомунун редакциясына ылайык)

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси

М.Алымбеков
