Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-ноябры № 81 Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө
(Шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралы №170 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы, белгиленген тартипте:
а) жаңы түзүлгөн түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тийиштүү иш-чаралар комплексин жүргүзсүн;
б) Бишкек шаардык кеңештин аппараты менен бирдикте ушул токтомго ылайык келтирүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө тиешелүү маселелер боюнча Бишкек шаардык кеңештин бардык токтомдорун текшерүү жүргүзсүн;
в) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешке үч айдын ичинде берсин.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 16-мартындагы № 6 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтому жана "Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 14 "Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 16-мартындагы № 6 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Э.А.Досалиев) жана Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Ж.Абиров
Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 токтомуна тиркеме
Бишкек шаарынын мэриясынын ТҮЗҮМҮ (Шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралы №170 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси
М.Алымбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 33 "Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү маселелери боюнча айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу…Постановление · 26.05.2022 · № 33
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 170 "Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна…Постановление · 08.02.2021 · № 170 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2015 · № 26
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон