Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Сулукту таза суу канал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XV сессиясы
2018-жылдын 13-сентябры № 64 “Сулукту таза суу канал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө
Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү Таза суу канал” МИ аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси А. Эрискуловдун маалыматын, шаардык кеӊештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарынын жана тийиштүү укуктук ченемдик актылардын талаптарынын негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү Таза суу канал” МИ аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси А. Эрискуловдун отчету кабыл алынсын.
2. Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен, чарбалык жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуунун абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар түзүлүп аткарууга алуу жагы “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси А. Эрискуловдон жана Сүлүктү шаарынын биринчи вице мэри Б.Ташевден талап кылынсын.
3. Суу менен камсыз кылуучу суу сактагычтардын, суу берүүчү суу түтүгү, анда суунун коркунучтуу химиялык жана биологиялык заттардан жана организмдерден булгануунун алдын алуу боюнча иш жүргүзүү жагы Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Н.Искановго милдеттендирилсин
4. Ичүүчү сууну туура жана үнөмдүү пайдалануу, ичүүчү сууга болгон төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилеринен жана коомдук өзүн өзү башкаруу аймактарынын башчыларынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I-вице мэри Б.Ташевден талап кылынсын, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т. Азизбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон