Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин «Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жөнүндө» токтому
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин 6 чи чакырылышынын кезектеги 15 сессиясы
2018-жылдын 30-октябры № 15-1
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесинин 10-бөлүмүн турмушка ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомунун 1-тиркемесинин 19-пунктуна, ЖӨБЭММАнын 2016-жылдын 12-октябрындагы № 01-24 / 166 буйругуна таянып Т. Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү ЖӨБЭММАнын 2016-жылдын 12-октябрындагы № 01-24 / 166 буйругундагы “Коомдук башталышында иштеген айылдык кенештердин төрагаларынын бир жолку компенсациялоо жөнүндө” Жобосуна ылайык төлөнүп берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Топчубаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин от 12 октябрындагы 2016 года № 01-24/ 166 "Коомдук…Приказ · 12.10.2016 · № 01-24/166
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон