Кара-Балта шаардык кеңешинин «Акча каражаттарын бөлүштүрүү жана карыздарды жоюу чаралары жөнүндө « токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 1-ноябры № 6 Акча каражаттарын бөлүштүрүү жана карыздарды жоюу чаралары жөнүндө
Жалпы республикалык салыктардан бөлүнчү отчисление ченемдери өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кара-Балта шаарынын бюджетиндегитүшпөй калган киреше боштуктардын ордун жабуу иретинде 2018-жылы республикалык бюджеттен максаттуу трансферттердин келүүсү боюнча жана башка республикалык бюджеттен келчү каражаттар боюнча Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы финансылык-экономикалык бөлүмдүн берген прогноздорун эске алуу менен, аткарылбай калган иш чаралардын эсебинен калып калган жана шаар бюджетинин «ЖКХ» бөлүмү боюнча мамлекеттик сатып алууларда үнөмдөлүп калган болжонуп жаткан акча каражаттарды, кредитордук карыз бар экенин жана жалпы шаардык чукул чечүү керек болгон маселелердин бардыгын эске алуу менен, жогоруда айтылган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 13,51,55-беренелерине ылайык бөлүштүрүүнү уюштуруу максатында Кара-Балта шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга карата Кара-Балта шаарынын бюджетине республикалык бюджеттен берилчү максаттуу трансферттер, жана башка республикалык бюджеттен келчү каражаттар, аткарылбай калган иш чаралардын эсебинен калып калган жана шаар бюджетинин «ЖКХ» бөлүмү боюнча мамлекеттик сатып алууларда үнөмдөлүп калган болжонуп жаткан акча каражаттар Кара-Балта шаардык мэриясынын кредитордук карызын жабууга, жана жалпы шаардык чукул маселелерди чечүүгө төмөнкүдөй тартипте жана кезекте бөлүштүрүлсүн:
1.1. Тамак-аш;
1.2. Жылуулук жана электр энергия акысы;
1.3. Капиталдык ремонт;
1.4. Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдү жарыктандырууну жаңы конкурс өткөрүү менен мамлекеттик сатып алуулардын талаптарына ылайык калыбына келтирүү ;
1.5. Кара-Балта шаарынын №8 орто мектебинин жылуулук системасын ремонттоо;
1.6. Күрөш залынын санитардык бөлмөсүн куруу;
1.7. Кышкы бассейндин чатырын капиталдык ремонттоо;
1.8. «Дельфин» мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын ремонттоо;
1.9. «Кара-Балта суу каналы» ишканасына болгон карыз.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Кара-Балта шаардык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына, вице-мэр Э.К.Орозбаковго., ФЭО жетекчиси М.О. Алымходжаевге жүктөлсүн.
Төрага
А. Аалыев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59