# Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-апрелиндеги № 29/2-9 "Чолпон-Ата шаарындагы көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнү токтотуп туруу боюнча мораторий коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-апрелиндеги № 29/2-9 "Чолпон-Ата шаарындагы көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнү токтотуп туруу боюнча мораторий коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29/2-9
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/415246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51116/edition/913236/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-апрелиндеги № 29/2-9 "Чолпон-Ата шаарындагы көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнү токтотуп туруу боюнча мораторий коюу жөнүндө" токтому (25.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/415246

---

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2017-жылдын 25-апрели № 29/2-9 Чолпон-Ата шаарындагы көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнү токтотуп туруу боюнча мораторий коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-июнь 2014-жылдагы № 242-б буйругуна ылайык, Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүн тактоо жана аталыштарды ыйгаруу мэриянын жооптуу кызматкерлери аркылуу такталып, бардык көчөлөрдүн аттары 2014-жылдын 29-августунда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин № 28/13-2 токтому менен бекитилген. Шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 28-мартындагы отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүнүн аттары толук коюлуп, такталып бүткөндүгүнө байланыштуу, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнү токтотуп туруу боюнча 5 жылга мораторий коюлсун.

2. Шаардык кеңештин аппаратына токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Т. Сарбагышев
