# Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 11-октябрындагы № 63 "Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын иштери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 11-октябрындагы № 63 "Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын иштери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/415239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51109/edition/912610/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 11-октябрындагы № 63 "Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын иштери жөнүндө" токтому (11.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/415239

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2018-жылдын 11-октябры № 63 Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын иштери жөнүндө

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнөкараштуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын киреше бөлүгү боюнча түшө турган кирешелеринин муниципалдык ишканасынын киреше бөлугүнө толук өндүрүү,элди таза суу менен камсыздоо,катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу,ар бир кожолук менен учет иштерин жүргүзүү боюнча “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мамаевдин жана бухгалтери Дүйшенованын маалыматтарын угуп жана талкуулап жана кетирилген кемчилдиктери эске алынып Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын киреше бөлүгү боюнча түшө турган кирешелеринин муниципалдык ишканасынын киреше бөлугүнө толук өндүрүү,элди таза суу менен камсыздоо,катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу,ар бир кожолук менен учет иштерин жүргүзүү “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мамаевге жана бухгалтери Дүйшеновага эскертилсин жана милдеттендирилсин.

2. “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын отчетун-эсебин КРнын Каржы Министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-П-буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторлорунда бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетторду түзүү” Жобосунун талаптарына негиздеп жүргүзүү бузгалтер Дүйшеновага милдеттендирилсин жана эскертилсин.

3. Кыргыз Республикасынын социалдык фондусунун 4-июнь 2008-жылдагы бекитилген № 73-А токтомуна жана КРнын 200-жылдын 17-мартындагы №142 “Киреше салыгынын эсептелиниши жана төлөнүүсү”токтомдоруна ылайык иш алып баруу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мамаевге жана бухгалтери Дүйшеновага милдеттендирилсин.

4. Өз ишиндеги кетирилген кемчилдиктери үчүн “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мамаевге жана бухгалтери Дүйшеновага эскертүү берилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өкмөт башчысы И.Чороевге тапшырылсын.

6. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

О.Б. Көксариев
