Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин «Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын иштери жөнүндө» токтому
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 11-октябры № 63 Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын иштери жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнөкараштуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын киреше бөлүгү боюнча түшө турган кирешелеринин муниципалдык ишканасынын киреше бөлугүнө толук өндүрүү,элди таза суу менен камсыздоо,катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу,ар бир кожолук менен учет иштерин жүргүзүү боюнча “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мамаевдин жана бухгалтери Дүйшенованын маалыматтарын угуп жана талкуулап жана кетирилген кемчилдиктери эске алынып Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын киреше бөлүгү боюнча түшө турган кирешелеринин муниципалдык ишканасынын киреше бөлугүнө толук өндүрүү,элди таза суу менен камсыздоо,катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу,ар бир кожолук менен учет иштерин жүргүзүү “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мамаевге жана бухгалтери Дүйшеновага эскертилсин жана милдеттендирилсин.
2. “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын отчетун-эсебин КРнын Каржы Министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-П-буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторлорунда бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетторду түзүү” Жобосунун талаптарына негиздеп жүргүзүү бузгалтер Дүйшеновага милдеттендирилсин жана эскертилсин.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык фондусунун 4-июнь 2008-жылдагы бекитилген № 73-А токтомуна жана КРнын 200-жылдын 17-мартындагы №142 “Киреше салыгынын эсептелиниши жана төлөнүүсү”токтомдоруна ылайык иш алып баруу “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мамаевге жана бухгалтери Дүйшеновага милдеттендирилсин.
4. Өз ишиндеги кетирилген кемчилдиктери үчүн “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мамаевге жана бухгалтери Дүйшеновага эскертүү берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өкмөт башчысы И.Чороевге тапшырылсын.
6. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага
О.Б. Көксариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү…Приказ · 29.06.2017 · № 97-П · Күчүн жоготкон