Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Токмокского городского кенеша от 29-декабря 2018г № 170/26-4 "Об утверждении состава комиссии по отбору проектов на софинансирование за счет долевых (стимулирующих) грантов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-29.
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 170/26-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXV СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 5-октябры № 168/25-4 Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. биринчи вице-мэринин К.К.Чотбаевдин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга конкурска катышуу үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө кайрылуусунунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015- жылдын 21-апрелиндеги № 230 “Үлүштүк (дем берүүчү ) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-июлундагы №89/14-4 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы төмөнкү түрдө бекитилсин:
-Батырбек уулу Арнур –Токмок шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы; -Эсеналиев Мирбек Таалайбекович- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын каржы-бюджет координация бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы. Комиссиянын мүчөлөрү: -Бейшеналиева Айнура Таштанбековна- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси; -Макешов Мухтар Курманбекович – Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги; -Есенбаев Усөнбек Есенбаевич - “Есенбаевдердин үй-бүлөсү” кайрымдуулук фондунун төрагасы; -Эшенов Элчибек Акматбекович- “Адилеттүү келечек” Коомдук фондунун жергиликтүү менеджери; -Табалдиев Миран Аманбаевич – Жарандык активист; -Лавринович Ольга Викторовна- “Карнелиус коому” коомдук фондунун төрайымы; -Киртенов Жамангуль Камчибекович- “Жетинчи апрельдин Баатырлары” Коомдук бирикмесинин мүчөсү;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын биринчи вице мэри К.К.Чотбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Т.А. Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-июлундагы № 89/14-4 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиянын курамын бекитүү…Постановление · 06.07.2017 · № 89/14-4
- Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 170/26-4 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү…Постановление · 29.12.2018 · № 170/26-4
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтому менен бекитилген)Положение · 21.04.2015 · № 230 · Күчүн жоготкон