# Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 6 "Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 6 "Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/415146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51017/edition/911288/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 6 "Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (20.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/415146

---

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-апрели № 6 Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» № 2 сандуу жарлыгынын негизинде Көк-Мойнок айыл аймагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында «Kyrgyz Y & Q New Energy Power Construction company» жоопкерчилиги чектелген коомунун жел электр станциясын куруу долбоору жактырылсын.

2. Көк-Мойнок айыл аймагынын Көк-Мойнок-1 айылынын түндүк-чыгыш тарабынан, №881, № 834 контурунан жел электр станциясын куруу үчүн пайдаланууга сунушталган 1500 га жайыт жер аянтынын ичинен 23,62 га жайыт жер аянтын “Башка” жерлер категориясына которуу боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Жел электр станциясын куруу иштерин жүргүзүү үчүн жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

Төрага

Джодаев А.Б
