# Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 88 "Кадамжай шаарындагы аймактык тескөөчүлөрдү кызматтык кабинеттер менен камсыздоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 88 "Кадамжай шаарындагы аймактык тескөөчүлөрдү кызматтык кабинеттер менен камсыздоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/415097>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50968/edition/910722/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 88 "Кадамжай шаарындагы аймактык тескөөчүлөрдү кызматтык кабинеттер менен камсыздоо жөнүндө" токтому (24.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/415097

---

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы

2018-жылдын 24-сентябры № 88 Кадамжай шаарындагы аймактык тескөөчүлөрдү кызматтык кабинеттер менен камсыздоо жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып “КР ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамынын 25-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаарынын аймактык тескөөчүлөрүн кызматтык кабинеттер менен камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 200 000 сом (эки жүз миң сом) акча каражаты ажыратылсын.

2. Эки айлык мөөнөт ичинде Звездная 14 үйүнүн жанына контейнер орнотуп, жасалгалап, аймактык тескөөчүлөргө кабинет менен камсыздоо жагы мэрияга тапшырылсын.

3. Токтомдун аткырылышынын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

Төрага

А. Абдраимов
