# Кайынды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 70/XXIV-2 "Кайыңды шаарынын мэриясынын жобосуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Кайынды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 70/XXIV-2 "Кайыңды шаарынын мэриясынын жобосуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 70/XXIV-2
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/415071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50942/edition/1289865/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/415071.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайынды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 70/XXIV-2 "Кайыңды шаарынын мэриясынын жобосуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ" токтому (16.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/415071

---

Кайынды шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрндагы №53/XVIII-23 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 10-сентябры № 70/XXIV-2 Кайыңды шаарынын мэриясынын жобосуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 мыйзамынын 12-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 мыйзамына ылайык, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын жобосунун жаңы редакциясы бекитилсин

2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Панфилов району, Кайынды шаары, Каныкей № 19 көч.

3. Кайыңды шаарынын мэриясынын жобосун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон ѳткѳрүү милдети Кайыңды шаарынын мэриясынын ашкы адис юристи З.Ж. Рысалдиевага тапшырылсын

4. Ушул токтом менен, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик каттоо учуруна карата жана мыйзамда белгиленген учурларда, тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

5. Кайынды шаардык кенешинин 2013-жылдын 12-февралындагы № 11/IV-2 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Д.У. Курманалиевага жүктѳлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
