# Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 71 “Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы №6 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 71 “Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы №6 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50817/edition/923278/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 71 “Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы №6 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому (19.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414943

---

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (алтынчы чакырылышы) XVII сессиясы

2018-жылдын 30-ноябры № 71 “Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы №6 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2018-жылдын 15-февралындагы №21 Мыйзамынын жана шаардык кеӊештин регламентинин 5-бөлүм 17-главасынын 17.1. пунктунун негизинде шаардык кеӊештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 20-январындагы II -сессиясынын №6 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 3.1. пунктунун 2 абзацыдан кийин төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын

- “Эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.”

- “ Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана башка шайлоонун жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат”.

- “ Эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт”.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтуу сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага м.а

Г.Самадова
