# Арал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 119 “Арал айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Арал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 119 “Арал айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414869>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50743/edition/922364/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Арал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 119 “Арал айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө” токтому (23.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414869

---

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII-чакырылышынын кезексиз XIV -сессиясы

2018-жылдын 23-ноябры № 119 “Арал айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Арал айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин регламенти бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алуу жана бекитилген регламенттин негизинде иш алып баруу жагы Арал айылдык Кеңештин Аксакалдар Сотунун башчысына жүктөлсүн.

Төрага

Н.Т.Асанов
