# Арал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 123 “Арал айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Арал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 123 “Арал айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414865>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50739/edition/922356/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Арал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 123 “Арал айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө” токтому (23.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414865

---

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII-чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

2018-жылдын 23-ноябры № 123 “Арал айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды уюштурууну жакшыртуу, кызматтарды алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, калкка кызматтарды кыска мөөнөттө, бир жерде алуунун камсыздоо максатында Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Арал айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобосу бекитилсин.

2.”Бирдиктүү терезе ”принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин формасы бекитилсин .

3.Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Апышовго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Т.Асанов
