# Будалык айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-январындагы № 16\\4 ”Алмалуу” “Бука Булак” таза суу ишканасына суу түтүктөрүн өткөрүп берүү жана анын тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Будалык айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-январындагы № 16\\4 ”Алмалуу” “Бука Булак” таза суу ишканасына суу түтүктөрүн өткөрүп берүү жана анын тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16\\4
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414767>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50667/edition/918874/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Будалык айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-январындагы № 16\\4 ”Алмалуу” “Бука Булак” таза суу ишканасына суу түтүктөрүн өткөрүп берүү жана анын тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтому (27.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414767

---

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 6 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 16 ЗАСЕДАНИЕСИ

2018-жылдын 27-январы № 16\\4 ”Алмалуу” “Бука Булак” таза суу ишканасына суу түтүктөрүн өткөрүп берүү жана анын тарифтерин бекитүү жөнүндө” Октябрь, Кайнама айылдарындагы “Алмалуу” таза суу түтүгү, Кара Суу, Кум Шоро, Тамга Терек айылдарын “Бука Булак” таза суу түтүгү жөнүндө айыл өкмөт башчы З.Каримовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Будалык айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Октябрь, Кайнама айылдарындагы суу түтүгү “Алмалуу” таза суу ишканасы болуп,түзүлүп, Октябрь айылынын жашоочусу Айдаров Азизбекке, Кара Суу, Кум Шоро, Тамга Терек айылдарын таза суу түтүгү “Бука Булак” таза суу ишканасы болуп бүзүлүп, Кара Суу айылынын тургуну Джантороев Нурбек Омаровичке өткөрүп берилсин.

2. Таза суу ишканаларынын тарифтери ар бир адамга убактылуу 15(он беш) сомдон деп бектилсин.

3. Таза суу ишканаларынын тарифтерин бекитүү үчүн Ош областтык антимонополия ишканасынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап келип кайрадан бекиттирүү жагы Айдаров Азизбекке жана Джантороев Нурбек Омаровичке милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы З.Каримовго тапшырылсын.

Төрага

С.Рахматов

Будалык айыл өкмөтүнүн башсысы З.Каримовдун билдирүүсү

Урматтуу депутаттар! Баарыныздарга белгилүү болгондой“Ассалам” кайрымдуулук фонду биздин элибиз үчүн көптөгөн колдоолорду көрсөтүп келе жатышат.Сиздерге маалымат үчүн айтып коюшум керек Кум Шоро айылына 1мечитти толук бүткөрдү. Кара Суу районуна жер көчкүгө байланыштуу көчүрүлгөн Жаны Будалык айылына эмкана, мечит куруп берди. Мына быйылкы жылы “Ассалам” кайрымдуулук фондусунун колдоосу менен Кара Суу айылында 5км суу түтукчөсү жаныланып, алмаштырылды Жалпы 300мин сом акча каражаты сарпталды. Тамга Терек айылындагы жамааттардын жана демөөрчүлөрдүн аракети менен 3км желим түтүкчө алынып, Тамга Терек айылына таза суу жеткирилди.Бул иштерге 60мин сомдон ашык акча каражаты сарпталды. Суу түтүгүнө тиешелүү иш кагаздары даярдалып, Октябрь, Кайнама айылдарындагы суу түтүгү “Алмалуу” таза суу ишканасы болуп,түзүлүп, Октябрь айылынын жашоочусу Айдаров Азизбекке, Кара Суу, Кум Шоро, Тамга Терек айылдарын таза суу түтүгү “Бука Булак” таза суу ишканасы болуп бүзүлүп, Кара Суу айылынын тургуну Джантороев Нурбек Омаровичке өткөрүп берилди. Бул ишканалардын тиешелүү документтери Ош областтык Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлүп, ишкана катары күбөлүктөрү берилди. Таза суу ишканаларынын тарифтери ар бир адамга убактылуу 15(он беш) сомдон деп бектип берип турсаныздар дагы карап чыгып, Ош областтык антимонополия ишканасынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап келип кайрадан карап чыгуу керек.

Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы

З.Каримов
