# Маймак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-февралындагы № 8 “ Маймак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Маймак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-февралындагы № 8 “ Маймак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50521/edition/939370/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маймак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-февралындагы № 8 “ Маймак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө” токтому (19.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414620

---

МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 7-чакырылышынын 10-сессиясы

2018-жылдын 19-февралы № 8 “ Маймак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө” Маймак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрга чейин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап жана талкуулап Маймак айылдык Кеңешинин депутаттары ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомун негизинде Маймак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Маймак айыл аймагында каттоодо 300ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондуктан бир бошотулган аскердик-эсепке алуу боюнча инспектор алынсын.

3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Абдраимовго милдеттендирилсин.

Төрага

Дж.Кудайбергенов
