# Маймак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-январындагы № 1 «Маймак айыл омотуно караштуу АКБФнын 28 гектар суугат, 17 га кайракы жерин ижарага берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Маймак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-январындагы № 1 «Маймак айыл омотуно караштуу АКБФнын 28 гектар суугат, 17 га кайракы жерин ижарага берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50511/edition/939348/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маймак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-январындагы № 1 «Маймак айыл омотуно караштуу АКБФнын 28 гектар суугат, 17 га кайракы жерин ижарага берүү жөнүндө” токтому (19.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414610

---

МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 7 чакырылышынын 9-сессиясы

2018-жылдын 19-январы № 1 «Маймак айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу АКБФнын 28 гектар суугат, 17 га кайракы жерин ижарага берүү жөнүндө»

Маймак айылдык кенешинин 7 чакырылышы 9 сессиясынын протоколунун негизинде, Маймак айыл өкмөтүнө караштуу АКБФнын 28 гектар суугат, 17 га кайракы жерин ижарага берүү үчүн айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 29-июнь 2007-ж №1997-111 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө” Типтуу жобонун негизинде 7 кишиден турган төмөндөгү комиссия курамы бекитилсин (комиссия курамы тиркелет)

Комиссиянын курамы: Кудайбергенов Ж.А-айылдык кенештин төрагасы-төрага Ниязалиева Н.Б-катчы Абдраимов Н.У-айылдык аймактын башчысы Шадыканов А.Т-райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укуктарды каттоо Башкармалыгынын адиси Таласбаев Э.Р-айылдык кенештин депутаты Шугурбеков О.М-айылдык кенештин депутаты Абдуллаев Ш.Р-айылдык кенештин депутаты

Төрага

Дж. Кудайбергенов
