# Баткен шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 9-октябрындагы № 01-8/37 “Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак мектебине “Ч.Айтматовдун” ысымын ыйгаруу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Баткен шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 9-октябрындагы № 01-8/37 “Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак мектебине “Ч.Айтматовдун” ысымын ыйгаруу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-8/37
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50484/edition/937194/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 9-октябрындагы № 01-8/37 “Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак мектебине “Ч.Айтматовдун” ысымын ыйгаруу жөнүндө” токтому (09.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414583

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2018-жылдын 9-октябры № 01-8/37 “Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак мектебине “Ч.Айтматовдун” ысымын ыйгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 20-апрелдеги “Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” № 81-Жарлыгын Баткен шаарында аткаруу максатындагы өтүүчү иш чаралардын негизинде жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 8-октябрдагы отурумунун, “Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак мектебине Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү мектеп жамаатынын өтүнүчүн колдоого алуу максатындагы” протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак мектебине “Ч.Т.Айтматовдун “ ысымы ыйгарылсын.

2. Баткен шаарындагы Ч.Т.Айтматов атындагы Баткен областтык жатак мектеби болуп аталгандыгы жалпыга шаардык “Өрүк зар” коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.

Төрага

А.Ташбеков
