Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Суу айылдык кеңешинин “ЖЧК “Анар плюс” ишканасына Анар-разрези участкасынан убактылуу пайдаланууга жер аянтын бекитип берүү жөнүндө” токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын Х сессиясы
2018-жылдын 17-октябры № 4 “ЖЧК “Анар плюс” ишканасына Анар-разрези участкасынан убактылуу пайдаланууга 11.79 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө” Ак-Суу айыл аймагындагы “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 9 беренесинин Кыргыз Респибликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Анар плюс” ишканасынын жазган арызы боюнча агрардык туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Анар плюс” ишканасына убактылуу пайдаланууга “Анар-разрези” участкасынан 11.79 га жер аянты бекитилип берилсин.
2. Коомдук угуулар өткөрүлсүн, Ак-Суу айыл өкмөтү менен жердин ижара жана соц. пакет бекитилсин ж.б. мыйзам ченемдүү иш-чаралар аткарылсын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
Төрага
Т.Эшалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.04.2006 · № 261 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон