# Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-8 “Акча каражатын бош (со свободный) статьядан жылдырып бөлүп берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-8 “Акча каражатын бош (со свободный) статьядан жылдырып бөлүп берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/18-8
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414478>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50380/edition/935147/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-8 “Акча каражатын бош (со свободный) статьядан жылдырып бөлүп берүү жөнүндө” токтому (27.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414478

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2018-жылдын 27-сентябры № 27/18-8 “Акча каражатын бош (со свободный) статьядан жылдырып бөлүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын 26.09.2018-жылдагы протоколунун негизинде Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

Таза суу ишканасына насос сатып алуу үчүн 200 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. ЖКХга атайын машина жана 60 контейнер сатып алганга кошумча салымга 500миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Б.Чаргинов атындагы маданият үйүнө аккардеон сатып алганга 15миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага

Окенаев Т.М
