# Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-4 “Талаадагы үлүш жерлерге кирип кеткен малдарга айып пул салуу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-4 “Талаадагы үлүш жерлерге кирип кеткен малдарга айып пул салуу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/18-4
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50377/edition/935141/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-4 “Талаадагы үлүш жерлерге кирип кеткен малдарга айып пул салуу жөнүндө” токтому (27.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414475

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2018-жылдын 27-сентябры № 27/18-4 “Талаадагы үлүш жерлерге кирип кеткен малдарга айып пул салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Административтик Кодексинин № 247-беренесине ылайык жана жер иштеткен дыйкандардын сунушун карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ананьев айыл аймагындагы үлүш жерлерге кирип кеткен бодо малдын бир башына 1000сом, майда малдын бир башына 100 сом өлчөмүндө айып салынсын.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, коомдук бирикмелер менен иш баруу комиссиясына тапшырылсын.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын № 7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага

Окенаев Т.М.
