# Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-1 “Жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-1 “Жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/18-1
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50374/edition/935133/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-1 “Жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө” токтому (27.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414472

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2018-жылдын 27-сентябры № 27/18-1 “Жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 15.03.2001-жылдагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинни негизинде жана Ананьев айлынын тургуну Казакбаев Эсенбек Сагындыковичтин арызын карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ананьев айлындагы Ленин көчөсүнүн №76 дарегинде жайгашкан жеке менчик 1945м2 жер тилкеси ЕНИ 2-03-11-1001-0735 мечит куруу максатында муниципалдык менчикке өткөзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага

Окенаев Т.М.
