# Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы № 117/16-4 “10 жылдык мөөнөткө акысыз негизде № 9 орто мектебинен турак эмес жайды берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы № 117/16-4 “10 жылдык мөөнөткө акысыз негизде № 9 орто мектебинен турак эмес жайды берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 117/16-4
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50301/edition/913378/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/414393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы № 117/16-4 “10 жылдык мөөнөткө акысыз негизде № 9 орто мектебинен турак эмес жайды берүү жөнүндө” токтому (18.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414393

---

Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылынын 13-апрелиндеги № 131/20-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 18-январы № 117/16-4 “10 жылдык мөөнөткө акысыз негизде № 9 орто мектебинен турак эмес жайды берүү жөнүндө” Турусбек уулу Азаматтын 2018-жылдын 11-январындагы кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана орто жана кичи бизнести,ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 12-январындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Спорттук секциясын ачуу үчүн 10 жылдык мөөнөткө Токмок ш. 1-кичирайонунун дарегинде жайгашкан №9 орто мектебинен аянты 135 ч.м.бош турак эмес жайын (дискозал) Турусбек уулу Азаматка акысыз негизде берилсин.

2.Бул токтомду Токмок ш. ММБи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так аткарсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
