# Үч-Терек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнундагы № 67 “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин убактылуу ачуу жана пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнундагы № 67 “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин убактылуу ачуу жана пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/414382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50290/edition/913156/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнундагы № 67 “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин убактылуу ачуу жана пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө” токтому (07.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/414382

---

УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы

2018-жылдын 7-июну № 67 “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин убактылуу ачуу жана пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө” 2018-жылдын жаз,жай айлары жаанчыл болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнө караштуу ички чарбалык жолдорду жана жайыт жолдорун,көпүрөлөрдү мезгил-мезгили менен сел алып пайдаланууга жараксыз абалга алып келип жаткандыгын жана сел алган жолдорду,көчөлөрдү калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-декабрь 2012-жылдагы № 834 токтомунун 19-пунктуна ылайык,Саргата айылындагы«Кум-Бел» карьерин ачып,убактылуу пайдалануу,сел алган жолдорго,көпүрөлөргө кум-шагыл төгүп калыбына келтирүү максатында Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХVII- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-декабрь 2012-жылдагы № 834 токтомунун 19-пунктуна ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү,ремонттоо,кум-шагыл төгүү үчүн Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин ачып,убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

2.«Кум-Бел» карьеринен кум-шагыл алып,Үч-Терек,Кызыл-Ураан,Саргата,Такталык,Жетиген айылдарынын жолдорун ремонттон өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Оморовго тапшырылсын.

4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

Ж.Сейдалиева
