Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Оро айылдык кеңешинин «Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» токтому
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 6-июну № 04 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү женүндө" 451 сандуу токтомуна ылайык Бакай- Ата районунун Оро айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1 -тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Айылдык аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан. тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинени "Айыл башчысы" (айылдын старостасы) кызмат орду (2 штаттык бирдик) бекитилсин;
3. Айыл өкмөтүнүн түзүмүндө ветеринардык врач кызмат ордуна (1 штаттык бирдик), талапкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контракттык негизде алынсын;
4. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2штаттык бирдик) бекитилсин; I'
5. Бекитилген Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына .жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Г.Саманчиева) тарабынан •эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Даниярова Алмакүл Соорбековнага жүктөлсүн.
Төрага
Б. Акматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Күчүн жоготкон