# Могол айылдык кенешинин 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 3 "Комиссия курамына киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Могол айылдык кенешинин 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 3 "Комиссия курамына киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/413860>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-49769/edition/915912/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Могол айылдык кенешинин 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 3 "Комиссия курамына киргизүү жөнүндө" токтому (25.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/413860

---

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХI-сессиясы

2018-жылдын 25-сентябры № 3 Комиссия курамына киргизүү жөнүндө Ачы токой чарбасынын 2018-жылдын 6-сентябрындагы №01-9/120 каты менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезексиз ХI-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192-токтомунун талабына ылайык мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануучуларга конкурстун негизинде берүү үчүн комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин:

Чарбак айылына- Ниятов Б., Ооган-Талаа айылына – Жумабаева К. Кызыл- Суу айылына - Асранов Р. Көк-Тонду айылына Жумалиев У., Абылкасымов Т. Чкалов айылына – Байматов А.

2. Ачы токой чарбасынын карамагындагы мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануучуларга берүүдө көрсөтүлгөн айылдык Кеӊештин депутаттарын конкурстук комиссияга киргизүү Ачы токой чарбасынын директоруна сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.

Төрага

Т. Омурзаков
