# Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 8 "Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 8 "Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/413746>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-49655/edition/936443/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 8 "Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (09.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/413746

---

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчии сессиясы

2018-жылдын 09-февралы № 8 Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясына ылайык аймактагы айылдарда жашаган жаш курагы жана 4 баладан жогору балдары бар, улуусу 16 жашка чейинки жаш балдары бар үй бүлөлөрго жеңилдик берүү жөнүндө айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясыннын негизинде 81,86 га жер аянттан төлөнүүчү 81860 сом өлчөмдө эшик алды салык төлөмүн жаш курагы боюнча жана 4 жаштан жогору көп балдары бар, улуусу 16 жашка чейинки үй бүлөөлөргө жеңилдик берилсин.(Тизмеси тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ы. Ж. Эрмаматов
