Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Үгүт айылдык кеӊешинин /3 «Байгөнчөк айылынын тургуну Оторова Канымкүл Табрисовага Үгүт айыл өкмөтүнөн 1996-жылы жер үлүшү бөлүнгөн. Жерине укук тастыктоочу документтери жок болгондуктан жер үлүшүнө болгон жеке менчик укук таануу боюнча жазган арызы жөнүндө» токтому
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги ХV сессиясы
2018-жылдын 26-июну № ХV /3 Байгөнчөк айылынын тургуну Оторова Канымкүл Табрисовага Үгүт айыл өкмөтүнөн 1996-жылы жер үлүшү бөлүнгөн. Жерине укук тастыктоочу документтери жок болгондуктан жер үлүшүнө болгон жеке менчик укук таануу боюнча жазган арызы жөнүндө Аталган маселе боюнча Үгүт айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча комиссиясынын 20-июнь 2018-жылдагы №1 чечими жөнүндө айылдык кеӊештин төрайымы Р.Майрыкеева билдирүү жасады. Айылдык кеӊештин төрайымы Р.Майрыкееванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1994-жыл 22-августагы №632 токтомунун негизинде Үгүт айылдык кеӊешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 1994-жыл 22-августагы № 632 токтомуна ылайык Үгүт айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча комиссиясынын 20-июль 2018-жылдагы №1 чечиминин негизинде Үгүт айыл өкмөтүнө караштуу Байгөнчөк айылынын тургуну Оторова Канымкүл Табрисовна 4 (төрт) жан менен
-- Садыков Медербек 0.32га -- Оторова Канымкүл Табрисовна 0.32га -- Садыков Шаамырза 0.32 га -- Медербеков Улукмырза Медербекович 0.32 га жалпы 1.28га суу баскан жер аянтын үлүшкө алышкан. Үлүштөрүнө болгон жеке менчик укуктары таанылсын.
2. Тиешелүү укук берүүчү документтери менен камсыз кылуу жагы Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.
Негизи: 1. арызы, 2. Үгүт айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча комиссиянын чечими.
Төрага
Р. Майрыкеева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 22 августа 1994 года №632 "Об утверждении положений о проведении земельной и аграрной реформы"Постановление · 22.08.1994 · № 632