# Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 01-5/91 "Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 01-5/91 "Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/91
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/413633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-49542/edition/996482/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 01-5/91 "Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө" токтому (01.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/413633

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2018-жылдын 30-майы № 01-5/91

Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө (Кочкор-Ата айылдык кеңешинин 2020-жылдын 1-февралындагы № 01-5/217 токтомунун редакциясына ылайык)

Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Аксакалдар сотторунун жаӊы курамын шайлоо боюнча сунушталган шаардык мэриянын катын талкуулап, «Аксакалдар соттору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 9-беренесине жана 11-беренесине жеткчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын Аксакалдар сотторунун жаӊы курамын шайлоо боюнча сунушталган шаардык мэриянын расмий кайрылуусу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаарынын Аксакалдар сотунун төмөндөгүдөй жаӊы курамы бекитилсин.

Дарманкулов Аскарбек Ибрагимов Маматкасым Абдихалилович Тохтасинов Рахимжан Маматкулович Акматова Анипакан Туменбаевна Мусабекова Калдаркан (Кочкор-Ата айылдык кеңешинин 2020-жылдын 1-февралындагы № 01-5/217 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Я.Т. Абдурахманов
