Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
А.Суеркулов айылдык кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун негизинде Торкен айыл өкмөтүнө караштуу жалпы жер фондусунун жайгашкан ордун, өлчөмдөрүн, эсебин тактоо боюнча жумушчу топтун материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2018-жылдын 03-октябры № 45 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун негизинде Торкен айыл өкмөтүнө караштуу жалпы жер фондусунун жайгашкан ордун, өлчөмдөрүн, эсебин тактоо боюнча жумушчу топтун материалдарын бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун негизинде Торкен айыл өкмөтүнө караштуу жалпы жер фондусунун жайгашкан ордун, өлчөмдөрүн, эсебин тактоо боюнча жумушчу топтун материалдарын бекитүү жөнүндөгү маселени А.Суеркулов атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы карап жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун негизинде Торкен айыл өкмөтүнө караштуу жалпы жер фондусунун жайгашкан ордун, өлчөмдөрүн, эсебин тактоо боюнча жумушчу топтун материалдары бекитилсин.
2. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 26-июлундагы № 174 буйругу менен түзүлгөн райондук комиссияга Торкен айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, райондук мамлекеттик администрациясынан жер фондун инвентаризациялоо боюнча жыйынтыктарын бекитип берүү жагы суралсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www. Тorken.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу Г.Токтошовага милдеттендирилсин.
Төрага
У. Бучуков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2014 · № 114 · Күчүн жоготкон