# Үч-Терек айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 02-декабрындагы № 45 "Токтогул району менен Кара-Көл шаарынын аймактык башкармалыгынын ортосундагы талаш жайыттарды балансташтыруу маселеси боюнча өткөрүлгөн кошмо жыйындын чечимин кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Үч-Терек айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 02-декабрындагы № 45 "Токтогул району менен Кара-Көл шаарынын аймактык башкармалыгынын ортосундагы талаш жайыттарды балансташтыруу маселеси боюнча өткөрүлгөн кошмо жыйындын чечимин кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/413567>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-49476/edition/940694/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Терек айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 02-декабрындагы № 45 "Токтогул району менен Кара-Көл шаарынын аймактык башкармалыгынын ортосундагы талаш жайыттарды балансташтыруу маселеси боюнча өткөрүлгөн кошмо жыйындын чечимин кароо жөнүндө" токтому (02.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/413567

---

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХII-сессиясы

2017-жылдын 02-декабры № 45 Токтогул району менен Кара-Көл шаарынын аймактык башкармалыгынын ортосундагы талаш жайыттарды балансташтыруу маселеси боюнча өткөрүлгөн кошмо жыйындын чечимин кароо жөнүндө 2017-жылдын 03-ноябрындагы Үч-Терек айылдык кеңеши менен Кара-Көл шаардык кеңешинин ортосунда өткөрүлгөн кошмо жыйынындагы маселелерди агрардык комиссиянын отурумунда карап жана талкуулап (протокол тиркелет) колдоого алып, айылдык кеңештин кезексиз ХII-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КРнын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 04-июнундагы № 360 токтомунун негизинде Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Көл, Кормал, Ыспы, Кайыңды, Бекечал жайыттарын Жазы-Кечүү айыл өкмөтүнө 2008-жылдан 2025-жылга чейин узак мөөнөттүү пайдаланууга ижарага берүү жөнүндөгү Үч-Терек айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVIII–сессиясындагы кабыл алынган № 74 токтому жокко чыгарылсын.

2. Токтогул районуна караштуу мамлекеттик запастагы жер болуп эсептелинген 64125 га жайыт жерин балансташтыруу жөнүндөгү Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын 2017-жылдын 03-ноябрындагы № 01-6/245 сунуш катынын 2 пункту колдоого алынсын.

3. 2018-жылдын 01-январына карата жер балансына өзгөртүү киргизүү үчүн аталган жайыт жерлеринин өз категориялары боюнча өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу документацияларын бүтүрүп берүү жагы Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.

4. 2008-2014-жылдарга жогорудагы аталган жайыттардын жайыт акыларын өндүрүү жана жайыт бирикмесинин эсебине түшүрүү жагы жайыт комитети Ж Сатыбаевке милдеттендирилсин.

5. 2018-жылдын 01-январына карата жер балансына аталган жайыт жерлерин өз категориялары боюнча документацияларын мам. каттоо башкармалыгы менен бирдикте тез арада бүткөрүү жагы жер адиси К.Абазовго тапшырылсын.

6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

Ж. Сейдалиева
