# Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 113/15-4 "Республикалык бюджеттен 1600 000,0 (бир миллион алты жүз миң) сом өлчөмүндө алынган каражаттарды үлүштүк (дем берүүчү гранттардын) эсебинен бекитилген долбоорлорду каржылоону жүзөгө ашырууга жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 113/15-4 "Республикалык бюджеттен 1600 000,0 (бир миллион алты жүз миң) сом өлчөмүндө алынган каражаттарды үлүштүк (дем берүүчү гранттардын) эсебинен бекитилген долбоорлорду каржылоону жүзөгө ашырууга жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113/15-4
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/412986>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-48897/edition/941930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/412986.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 113/15-4 "Республикалык бюджеттен 1600 000,0 (бир миллион алты жүз миң) сом өлчөмүндө алынган каражаттарды үлүштүк (дем берүүчү гранттардын) эсебинен бекитилген долбоорлорду каржылоону жүзөгө ашырууга жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (21.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/412986

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы 2017-жылдын 21-декабры № 113/15-4 Республикалык бюджеттен 1600 000,0 (бир миллион алты жүз миң) сом өлчөмүндө алынган каражаттарды үлүштүк (дем берүүчү гранттардын) эсебинен бекитилген долбоорлорду каржылоону жүзөгө ашырууга жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндө Токмок ш. мэриясынын 2017-жылдын 11-июлундагы чыг.№1283/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен 1600 000,0 (бир миллион алты жүз миң) сом өлчөмүндө алынган каражаттарды үлүштүк (дем берүүчү гранттардын) эсебинен бекитилген долбоорлорду каржылоону жүзөгө ашырууга жөнөтүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А.Солтобаев
