Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин “Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 15 000 000,0 (он беш миллион) сом жана 8 000 000,0 (сегиз миллион) сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын алдында, колдонулган жаратылыш газына болгон кредитордук карыздарын жоюу үчүн жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндө”
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы 2017-жылдын 21-декабры № 112/15-4 “Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 15 000 000,0 (он беш миллион) сом жана 8 000 000,0 (сегиз миллион) сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын алдында, колдонулган жаратылыш газына болгон кредитордук карыздарын жоюу үчүн жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндө” Токмок ш. мэри Ж.Дж. Шамыралиевдин 01.08.2017-жылдын №1415/1-4 жана 29.08.2017-ж. №1584/1-4 каттарынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 1-августундагы жана 2017-жылдын 29-августундагы отурумдарынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен келген 15 000 000,0 (он беш миллион) миң сом жана 8 000 000,0 (сегиз миллион) сом ѳлчѳмүндѳгү каражаттар Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511-беренеси боюнча, баанын өндүрүштүн орточо чыгымдарынын деңгээлинен төмөн белгиленишинин себебинен улам тарткан чыгымдарын компенсациялоо үчүн акысыз жана кайтарымсыз түрдө “Токмок Жылуулук” МИсине учурдагы финансылык жардам катарында жөнөтүүгө макулдук берилсин.
2. “Токмок Жылуулук” МИси тарабынан бөлүнгөн каражаттар “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына колдонулган жаратылыш газына болгон кредитордук карыздарын жоюу үчүн которулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.А.Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3