# Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №92/15-4 “Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №92/15-4 “Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 92/15-4
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/412964>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-48875/edition/941878/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/412964.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №92/15-4 “Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (21.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/412964

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы 2017-жылдын 21-декабры №92/15-4 “Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Т.Исмаилованын 26.06.2017-ж. арызын, Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 14.07.2017-ж. №1443/1-4 катын жана Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын 2017-жылдын 3-июлундагы №8 протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 6-сентябрындагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- Токмок ш. Дубовицкий көчөсү, №86 дарегинде жайгашкан, Т.Исмаиловага таандык болгон жеке менчик укугундагы аянты 3050 ч.м. жер тилкесин Р-1 зонасынан (шаардык парктардын зонасы) Ц-1 зонасына (шаардын борбору зонасы) көп кабаттуу үйүн куруу үчүн которулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А.Солтобаев
