# Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-июлундагы № 100 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-июлундагы № 100 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/412217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-48132/edition/901884/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-июлундагы № 100 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө" токтому (30.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/412217

---

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы 2018-жылдын 30-июлу № 100 Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди максаттуу пайдалануу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги №85-токтомунун негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы 300 (үч жүз) га жайыт жерлерин жерлердин калктуу конуштар категориясына жана 100 (жүз) га жайыт жерин жерлердин баалуулугу кыйла баалуу түрлөрүнө которууга макулдук берилгендиктен аталган жерлерге трансформациялоо жумуштарын бүтүргөнгө чейин башка жерлерди которуу жагы токтотулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Төрага

А.Пирматов
