Самаркандек айылдык кеңешинин «Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы 2018-жылдын 30-июлу № 100 Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди максаттуу пайдалануу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги №85-токтомунун негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы 300 (үч жүз) га жайыт жерлерин жерлердин калктуу конуштар категориясына жана 100 (жүз) га жайыт жерин жерлердин баалуулугу кыйла баалуу түрлөрүнө которууга макулдук берилгендиктен аталган жерлерге трансформациялоо жумуштарын бүтүргөнгө чейин башка жерлерди которуу жагы токтотулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага
А.Пирматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.