# Ак-Жол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 7/4“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнөн 14.11.2017-жылы 01-12/719 номери менен келген катын кароо жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ак-Жол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 7/4“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнөн 14.11.2017-жылы 01-12/719 номери менен келген катын кароо жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/4
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/412164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-48079/edition/900642/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Жол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 7/4“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнөн 14.11.2017-жылы 01-12/719 номери менен келген катын кароо жөнүндө” токтому (21.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/412164

---

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII- чакырылышынын кезексиз V-сессиясы 2017-жылдын 21-ноябры № 7/4 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнөн 14.11.2017-жылы 01-12/719 номери менен келген катын кароо жөнүндө” Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы С.Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т.

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнүн жазма буйругунда көрсөтүлгөн катачылыктар үчүн айыл Өкмөтүнүн материалдык бухгалтери Т.Нурманбетовго эскертүү берилсин.

2. 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына карата жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында чыккан инвентаризация учурунда аныкталган 29,0 миң сомдук ашыкча материалдык баалуулуктар баланска алынсын.

3. Ак-Жол Жайыт пайдалануучулар бирикмесинде бухгалтердик эсептер жана финансылык отчеттор Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик учет жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №231 токтому менен бекитилген Инструкциясына негиз жүргүзүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге милдеттендирилсин.

Төрага

Т.Батыралиев
