# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-апрелинин № 133 "Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси жонундо"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-апрелинин № 133 "Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси жонундо"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1778/edition/435978/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-апрелинин № 133 "Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси жонундо"жарлыгы (14.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4121

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2004-жылдын 10-апрели ПЖ № 133 Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Тарых жана маданият эстелиги, Кыргыз Республикасындагы, Борбордук Азиядагы илим-изилдөө иштеринин негизги борборлорунун бири катары Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинин кайталынгыстыгын жана баалуулугун эске алып, ошондой эле анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын андан ары камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексине "улуттук" деген статус берилсин жана мындан ары "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси" деп аталсын.

2. (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев
