Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Оштогу „Сулайман-Тоо“ тарыхый-археологиялык музей комплекси жонундо»жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2004-жылдын 10-апрели ПЖ № 133 Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Тарых жана маданият эстелиги, Кыргыз Республикасындагы, Борбордук Азиядагы илим-изилдөө иштеринин негизги борборлорунун бири катары Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинин кайталынгыстыгын жана баалуулугун эске алып, ошондой эле анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын андан ары камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексине "улуттук" деген статус берилсин жана мындан ары "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси" деп аталсын.
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.