Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бешик-Жон айылдык кеңешинин «Бешик-Жон айыл аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтому
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 07-августу № 2 «Бешик-Жон айыл аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө” Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Буркановдун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү” мыйзамына ылайык,жергиликтүү коомчулукка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында айыл аймактын кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу стратегиясын угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын жергиликтүү коомчулукка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында айыл аймактын кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу стратегиясы бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Масабиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.