# Баткен шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 01-10/47 "Баткен шаарынын 2018-2022-жылдарга Өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Баткен шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 01-10/47 "Баткен шаарынын 2018-2022-жылдарга Өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-10/47
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/411228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47872/edition/953357/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 01-10/47 "Баткен шаарынын 2018-2022-жылдарга Өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому (21.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/411228

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/47 Баткен шаарынын 2018-2022-жылдарга Өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-берененин 3-пункутуна ылайык “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы “2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” №194 токтомуна ылайык Баткен шаар мэриясынын иштеп чыгып сунуштаган, “Баткен шаарынын 2018-2022-жылдарга Өнүктүрүү программасын” бекитүү максатында Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Баткен шаарынын 2018-2022-жылдарга Өнүктүрүү программасы бекитилсин (программа тиркелет)

2. Бекитилген программа шаар тургундарына шаардык “Өрүк зар” коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М. Дубанаевге жүктөлсүн.

Төрага

А. Ташбеков
