# Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6-мартындагы № 6/22 "Биймырза айылындагы жер көчкү коркунучунан көчүрүлгөн тургундардын жер аянтынын оордуна жаштарга ден-соолугун чындоого шарттарды түзүү максатында, улуттук спорт оюну Улак чабууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6-мартындагы № 6/22 "Биймырза айылындагы жер көчкү коркунучунан көчүрүлгөн тургундардын жер аянтынын оордуна жаштарга ден-соолугун чындоого шарттарды түзүү максатында, улуттук спорт оюну Улак чабууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6/22
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/411160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47804/edition/896703/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6-мартындагы № 6/22 "Биймырза айылындагы жер көчкү коркунучунан көчүрүлгөн тургундардын жер аянтынын оордуна жаштарга ден-соолугун чындоого шарттарды түзүү максатында, улуттук спорт оюну Улак чабууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (06.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/411160

---

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2018-жылдын 6-марты № 6/22 Биймырза айылындагы жер көчкү коркунучунан көчүрүлгөн тургундардын жер аянтынын оордуна жаштарга ден-соолугун чындоого шарттарды түзүү максатында, улуттук спорт оюну Улак чабууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 10 -“Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешип камсыз кылуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Биймырза айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын 24.02.2018-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Биймырза айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын 24.02.2018-жыл № 1 “Беш-Беш улак чабууга жер аянтын чечип берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимине ылайык, жер көчкү коркунучунан көчүрүлгөн тургундардын жер аянтынын оордуна жаштарга ден-соолугун чындоого шарттарды түзүү максатында, улуттук спорт оюну Улак чабууга жер аянты бөлүнүп берууго макулдук берилсин.

2. Улуттук спорт оюну Улак чабууга жер аянты жөнүндөгү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерин даярдап берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.

Төрага

Б. Саипов
