# Боо-Терек айылдык кеңешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 2 «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-мартындагы «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдында байкоочу кенешин түзүү жөнүндө» №136 токтомун ишке ашыруу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Боо-Терек айылдык кеңешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 2 «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-мартындагы «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдында байкоочу кенешин түзүү жөнүндө» №136 токтомун ишке ашыруу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410953>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47697/edition/906562/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Боо-Терек айылдык кеңешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 2 «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-мартындагы «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдында байкоочу кенешин түзүү жөнүндө» №136 токтомун ишке ашыруу жөнүндө» токтому (17.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410953

---

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеӊешиндеги депутаттардын көзексиз XXII сессиясы

2011-жылдын 17-июну № 2 «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-мартындагы «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдында байкоочу кенешин түзүү жөнүндө» №136 токтомун ишке ашыруу жөнүндө»

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-мартындагы «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдында байкоочу кенешин түзүү жөнүндө» №136 токтомун ишке ашыруу максатында, Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXII сессиясы карап, талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылдык округунда коомчулуктун өкүлдөрүн киргизүү менен байкоочу кеңеш түзүлсүн (тиркеме тиркелет).

2. Байкоочу кеңеш өз иштерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочулар кеңеши тууралуу типтүү жобонун» негизинде айыл округундагы байкоочу кеңештин типтүү жобосу түзүлүп, бекитилсин.

3. Токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун жооптуу катчысы А. Мамыралиевге жүктөлсүн.

Төрага

Э. Смайылбеков
