Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Боо-Терек айылдык кеңешинин «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-мартындагы «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдында байкоочу кенешин түзүү жөнүндө» №136 токтомун ишке ашыруу жөнүндө» токтому
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеӊешиндеги депутаттардын көзексиз XXII сессиясы
2011-жылдын 17-июну № 2 «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-мартындагы «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдында байкоочу кенешин түзүү жөнүндө» №136 токтомун ишке ашыруу жөнүндө»
Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-мартындагы «Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдында байкоочу кенешин түзүү жөнүндө» №136 токтомун ишке ашыруу максатында, Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXII сессиясы карап, талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунда коомчулуктун өкүлдөрүн киргизүү менен байкоочу кеңеш түзүлсүн (тиркеме тиркелет).
2. Байкоочу кеңеш өз иштерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочулар кеңеши тууралуу типтүү жобонун» негизинде айыл округундагы байкоочу кеңештин типтүү жобосу түзүлүп, бекитилсин.
3. Токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун жооптуу катчысы А. Мамыралиевге жүктөлсүн.
Төрага
Э. Смайылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы ПЖ № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 29.09.2010 · № 212 · Күчүн жоготкон