# Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 7-февралындагы № 54 "Муниципалдык кызматтын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 7-февралындагы № 54 "Муниципалдык кызматтын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410850>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47594/edition/903627/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2018-жылдын 7-февралындагы № 54 "Муниципалдык кызматтын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (07.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410850

---

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) кезексиз XI сессиясы

2018-жылдын 7-февралы № 54 Муниципалдык кызматтын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө

Сүлүктү шаардык мэриясынын 2018-жылдын 31-январындагы № 02-10/01-113 чыгыш сандуу каты жөнүндө шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 токтому менен бекитилген “Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобонун” 2 бөлүгүнүн 30, 31- беренелеринин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн төмөндөгү кошумча тизмеси бекитилсин

- Аз камсыз болгон жакыр, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жардамга муктаж майыптарга, жетим, жесирлерге бир жылда бир жолу материалдык жардам көрсөтүү.

2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү тийиштүү мыйзамдардын чегинде жүргүзүлүшун камсыз кылуу жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага

Т. Азизбеков
