# Курманбек айылдык Кенешинин 2017-жылдын 15-августундагы № 3 "АТЧ ларды жайгаштыруу жана техникалык имараттарды бөлүү үчүн каражат табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Курманбек айылдык Кенешинин 2017-жылдын 15-августундагы № 3 "АТЧ ларды жайгаштыруу жана техникалык имараттарды бөлүү үчүн каражат табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410785>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47529/edition/903014/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курманбек айылдык Кенешинин 2017-жылдын 15-августундагы № 3 "АТЧ ларды жайгаштыруу жана техникалык имараттарды бөлүү үчүн каражат табуу жөнүндө" токтому (15.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410785

---

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманбек айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2017-жылдын 15-августу № 3 "АТЧ ларды жайгаштыруу жана техникалык имараттарды бөлүү үчүн каражат табуу жөнүндө"

Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдагы № 462, 2003-жылдагы № 259-токтомунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтерине АТЧ ларды жайгаштыруу боюнча техникалык имараттарды бөлүп берүү жагы жана АТЧ ларды тийиштүү түрдө коргоо" жүктөлгөн токтомдун негизинде Сары-Булак, Канжыга, Саты айылдарына техникалык имараттарды куруу электр эсептегичтерди орнотуу боюнча Курманбек айыл өкмөт башчысынын сунуштарын угуп, талкуулап төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдагы № 462, 2003-жылдагы № 259-токтомунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтерине АТЧ ларды жайгаштыруу боюнча техникалык имараттарды бөлүп берүү жагы жана АТЧ ларды тийиштүү түрдө коргоо" жүктөлгөн токтомдун негизинде Сары-Булак, Канжыга, Саты айылдарына техникалык имараттарды куруу, электр эсептегичтерди орнотуу үчүн кошумча булактан акча каражатын издеп табуу жагы айыл өкмөт башчысына жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет комитетинин төрагасы Т.Биримкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Ч. Тайгараев
