# Каргалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 7 -июнундагы № 40 "№ 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ат коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каргалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 7 -июнундагы № 40 "№ 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ат коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/410673>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47419/edition/901004/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каргалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 7 -июнундагы № 40 "№ 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ат коюу жөнүндө" токтому (07.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/410673

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы

2017-жылдын 7 -июну № 40 № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ат коюу жөнүндө

«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Токтоболотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кенешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мойдунов Тотунун ысымы №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ыйгарылуусу «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобого» ылайык келээри белгиленсин.

2. № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынан жана Мойдунов Тотунун үй бүлөсүнүн атынан келип түшкөн кайрылуулар эске алынсын.

3. № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине Мойдунов Тотунун ысмын ыйгарууда жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыгы белгиленсин.

4. №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби «№ 1 Мойдунов Тоту атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби» деп аталсын.

5. «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.08.2014-жылдагы № 488 токтомунун 6-пунктуна ылайык Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кыргыз Республикасынын Премьер -министрине, Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

6. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.

8. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго жуктөлсүн.

Төрага

Р. Жунусакунов
